Учурда абактагы Икрамжан Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскертсек, КСДП партиясы тарабынан Илмиянов тергөө менен кызматташкан жок деген билдирүү таратылган.

“Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, тергөөдө И.Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар”, – деп УКМК билдирүүсүндө белгиленген.

Алмазбек Атамбаевтин мурдагы кеңешчиси Татарстандын баш калаасы Казанда кармалып, 20-октябрда Бишкеке жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.