Айтмамат Кадырбаев арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Буга ылайык буйрукка КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Премьердин буйругу менен Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Оштун экс-мэри шаардын башчысы болуп 4 жыл иштеди.

Ошондой эле, өкмөт башчысы кол койгон буйрукка ылайык, Азамат Оморов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР өкмөтүнүн аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.