КР  экс-президенти Алмазбек Атамбаев пресс-конференция өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

Депутаттын айтымында, мурунку мамлекет башчысы суроолордун баарына жооп берет. Партиядан Иса Омуркуловдун кетими боюнча, Карамушкина “КСДП мыйзамсыз иштебейт” деди.

Эскертсек, 31-октябрда КСДПнын кеңешинде Иса Омуркуловду партиядан чыгаруу чечими кабыл алынган. Омуркулов өзү бул чечимди мыйзамсыз деп санайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.