Башкы прокуратура Социалдык өнүгүү министри Таалайкүль Исакунова премьер-министрдин уруксаты жок АКШга барганын аныктады. Бул тууралу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, министр АКШга барган учурда эмгек өргүүсүндө болгон. АКШдан кийин Исакунова Аргентина барып келген. 2017-жылдын 16-18-ноябрында, Исакунова өкмөттүн каршылыгына карабай Санкт-Петербургдагы Эл аралык кеңешке катышып келген.

Министрден сырткары, анын мурдагы орун басары Зууракан Каденова өргүүдө болуп, Иран менен Түштүк Кореяга барып келген.

“2017-2018-жылдын аралыгында министрликтин жетекчилиги 26 чет элдик командировкага чыгып келген. Таалакүль Исакунова – 9 жолу (Уулу Британия, Кытай, Россия Федерациясы, Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Литва), анын орун басарлары Лунара Мамытова – 3 жолу (АКШ, Германия, Италия), Жылдыз Полотова – 4 (Литва, Венгрия, Таиланд) жана Зууракан Каденова – 10 жолу (Түштүк Корея, Россия Федерациясы, Казакстан, Польша, Бельгия, Германия, Италия)”, – деп билдирүүдө белгиленген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.