Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевтин селфиси коомчулукту бир дуулдатты. Бул тууралуу кенениреек “Де-факто” гезити менен курулган маекте Түлеев айтып берди. Курулган маекти толугу менен көрсөтөбүз:

Мындан туура 10 күн мурун Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Бишкек-Москва каттамы менен Орусияга сапар тарткан. Ошол учакта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жанаша олтуруп калганы, аны менен «селфи» кылганы коомчулукта резонанс жаратып, ал талкуунун аягы али күнчɵ басыла элек. Нариман Ташболотович бул боюнча кыска-нуска пикирин «Фейсбук» баракчасына жазганы менен, али күнчɵ кеңири түшүндүрмɵ бере элек. Бул боюнча «WhatsApp» аркылуу байланышып маек сураганымда, ага-инилик мамилени эске алдыбы, айтор баш тарткан жок. Экс-президент менен болгон капилет жолугушуусу тууралуу кеңири сүйлɵп берди. Кызыктуу маек тɵмɵндɵ улансын…

Нариман байке, 22-октябрь күнү Бишкек-Москва каттамы боюнча сапар тартканыңыз маалым. Жолго чыгып жатып экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учактын «бизнес-класс» салонунда жакын олтуруп калганыңыз ɵтɵкызык окуя болду. Сиз алгач ɵтɵ кыжырданып, алды жагыңызда олтурган Атамбаевди сүрɵткɵ тартып, ар кандай ачуу сɵздɵрдү угуза айтсам дагы дүлɵй кишидей укмаксанга салып олтурат деп «Фейсбуктагы» баракчаңызга жазып чыктыңыз. Ортодон 4-5 саат ɵткɵндɵн кийин экс-президент Атамбаев менен жанаша олтуруп «селфи» кылган сүрɵтүңүздү жарыяладыңыз. Ɵткɵн кылымдын залкар акыны Алыкул Осмоновдун: «Кылым бүтүп дүйнɵдɵн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар» деген ыр саптарындагыдай сиздердин жолугушуу чоң талкууга айланды…

–Ээ, Амантур иним бир айтасыңбы, эки айтасыңбы менин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бир учакка олтуруп калганым укмуштуудай дал келүүчүлүк болду. Аны менен жолугуп калам деген ой болгон эмес. Ал деле ойлобосо керек, менин менен ушундай жерде жолугуп калам деп. Бул дагы тагдырдын тамашасы. Эң негизгиси Кудай бар да. Алмазды алып келип колума салып берип койбодубу…

Жолуга албай жүрдүңүз беле?

–Мен аны сагынып же кумир тутканымдан жолугайын деди дейсиңби? Жолугууну атайын максат кылбасам дагы, кез-кезде ойлоп калчумун, «Ушу Атамбаев менен бир жолугуп калсам, айтчу сɵздɵрүмдү айтсам, берчү суроолорду берсем. Мага кандай жамандык кылганын кɵзүнɵ тике карап айтсам. Эх, Алмаз, бир колго түшсɵң, колдон келишинче келекелесем» деп. Анан, элибизде айтылгандай: «Тар жол, тайгак кечүүдɵн» жолугуп калганым күтүүсүз болду. Кыргызда: «Эки тоо кɵрүшпɵйт, эки адам кɵрүшɵт» дейт эмеспи…

–2-3 ай мурун сизди Атамбаев менен бириккени жатыптыр деген сɵз тараган эле. Бул боюнча журналисттер сизден сураганда сиз: «Атамбаев менен бирикмек түгүл дааратканага чогуу барбайм» деп айтканыңызды самолеттогу «селфиден» кийин эстегендер кɵп болуп, сизди сɵзүнɵ турбаган адам катары сыпатташты. Интернеттеги бул билдирүүлɵрдү окудуңузбу?

–Эмнени гана жазышпады? Азыр «селфи» боюнча да кенен айтып берем. Ага чейин жерден бир-эки нерсени тактай кетейин. Биринчиден мен Атамбаев менен эрчишип алып туалетке барган жокмун, болбосо биригип алып келечектеги саясий кадамдарым тууралуу талкуулаган жокмун. Бул биригип, бирге болууга бел байлады, ɵткɵн-кеткенди кечиришип элдешти дегенге жатпайт да. Ошол эле учурда аны издеп барып жоолукканым жок. Алыска сапар тартып бара жатып, бир учактын ичинен капилет жолугуп калдым. Муну күтүүсүз жолугушуу деп атасам болот. «Мен Атамбаев менен жолугушпайм, аны менен туалетке чогуу барбайм» деп айттым эле, кой мен кеттим, сени менен жолукпайм» деп самолеттон түшɵ качмак белем?! Экинчиден, Москвадагы пландап алган жумушумду кантип жокко чыгарам? Үчүнчүдɵн, жанагы дааратканага чогуу барбайм деген сɵз боюнча айтайын. Ооба, ошентип менин айтканым чын. Ошол кырдаалда мени экс-президентке байлап, аны менен бирикти кылып жатышканда, «Атамбаев менен бирикмек түгүл туалетте чогуу олтурбайм» деп айткам. Сɵздү түз маанисинде эмес, каймана түрдɵ, салыштыруу маанисинде айткам. Салыштыруу ирээтинде айтылган сɵздү түптүз мааниде бурмалагандар аман эле болсун…

–Эл ичинде ар кандай адамдар бар экен да. Айрымдар: «Түлеев Атамбаевдин кайсы учак менен учаарын билип, атайын аны менен жолугуу үчүн билет сатып алган турбайбы» деген сɵздɵрдү айтып чыгышпадыбы?

–Мен да окудум андай сɵздɵрдү. Атамбаевдин Москвага бара тургандыгы ММКларда 2-3 күн мурун айтылды ээ? Сен журналист катары муну жакшы билесиң. А мен билетти жаңылбасам 15-20 күн мурун алдым. Анан алдын ала бир самолетто ким-ким учуп атканын билбейсиң да. Мен Москвага жеке иштерим менен бара жаткам, неберелүү болдум, аны кɵрɵйүн деп, дагы башка жеке иштерим бар эле. Мына азыр да Москвадамын. Бул боюнча кызыккандар атайын мен билет алган компанияга кат менен кайрылып, тактап алса болот. Компаниянын дарегин берейин. Чын эле Амантур иним, мен билет алган компанияга атайын кат менен кайрылып ушуну кошо чыгарып койчу? Актануу иретинде эмес, элге түшүнүктүү болушу үчүн.

–Сунушуңузду эске алабыз. Айтсаңыз, Алмазбек Атамбаев учакка кирип келгенде, аны алгач кɵргɵндɵ кандай абалда болдуңуз?

–Атамбаев акыркы мүнɵттɵрдɵ келди. Биринчи кɵргɵндɵ кɵргɵн кɵзүмɵ ишенген жокмун. «Бул качып баратабы?» деп ойлодум. Кирип келип олтурганда эле анын атына абдан катуу сɵздɵрдɵрдү айттым. Анан эле сүрɵткɵ тартып, «бул качып бара жатат» деп «фейсбук» баракчама чыгарбадымбы. Чыгарганыма бир мүнɵт боло электе эле дос-тааныштарым чала баштады, мен катуу-катуу эле сүйлɵп, «бул качып бара жатат», «болду бул келбейт» деп тигиге угуза айтып, бул жерде айтылбай турган ɵтɵ жаман сɵздɵрдү да айтып аттым. Менин оюмча ал президенттиктен түшкɵндɵн кийин ɵзүнүн дарегине айтылган мындай катуу сɵздɵрдү менден гана укту болуш керек. Мени бир карады дагы, андан кийин укпаган кишинин образында олтуруп алды.

–Сизди эч ким тыйган жокпу? Сурайын дегеним жансакчылары сизге унчукпадыбы?

–Үчɵɵ экен. Жанына бир жансакчысы, артына эки жансакчысы олтурду. Бирок алар мага унчуккан жок. Ошентип ал ал болду, асманга кɵтɵрүлүп кеттик.

–Жолугушуу кадамды ким биринчи баштады?

–Учак 7-8 миң киллометр кɵтɵрүлгɵн кезде ордуңдан туруп бассаң болот да. Кулагымда наушник бар эле, кɵзүмдү жумуп музыка угуп бараткам. Бир кезде жаныма бирɵɵ келгендей болду. Кɵзүмдү ачсам Атамбаев экен, «Экɵɵбүз бир сүйлɵшүп албайлыбы?» деди, карап туруп: «Макул сүйлɵшсɵ сүйлɵшүп алалы» деп каршы болгон жокмун. Биринчи эле оюма бир кездеги алган аласа-бересебиз келди, ошону айтайын дедим.

–Сɵздү эмнеден баштадыңыздар?

–Менин биринчи эле сɵзүм: «Карызды качан бересиң?» дедим. Ал: «Бербедим беле, берип жибербедим беле» деди.

–Атамбаев сизге акча карыз беле?

–Мага эмес атама карыз эле. Атамдан 2007-жылдары карызга акча алган. Бере элек болчу. Анан мен: «Мына атамдын кɵзү ɵтүп кетти, берип жиберген болсоңуз мага эч ким келе элек, берип коюңуз акчаны. Атамдын жаназасында «атамдан аласа болсоңор менден алгыла, бересе болсоңор мага бергиле» деп жоопкерчиликти мен моюнума алгам. Сиз да моюнуңузга карыз кылбай берип коюңуз» десем, «Сталбектен берип жибергем, мен аны тактайынчы» деди. «Сталбегиңизди кɵрɵ элекмин, давай териштирип туруп, берип коюңуз!» деп так кесе айттым.

–Сталбек дегени ким, сиз аны тааныйсызбы?

–Тааныйм. Сталбек Молдалиев деген ɵкүл баласы бар, СДПКнын тизмеси менен депутат болооруна аз калды го, 2015-жылдагы партиялык тизмени карсаң табасың. Ошону айтып атат…

–Эгер сыр болбосо канча карыз эле? Кайсы жылы алган?

–2007-жылдары мен Алмаз Атамбаев менен жакшы мамиледе болчумун. Мен муну ар дайым эле айтып жүрɵм, атамды да жакшы таанычу. Ошол учурда алган акчаны. Канча сумма алганын айтуунун кажети жок.

–Эки жыл мурун мага маек бергениңизде ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине бир топ сын-пикирди кыжырдануу менен айтып, аны №1 душманыңыз катары сыпаттаганыңыз эсимде. Чындыгында экс-президенттин учурунда кɵп азапты баштан ɵткɵрдүңүз. Камалып чыктыңыз, бир топ мүлктɵрүңүздү алдырдыңыз дегендей… Эң негизгиси ата-энеңиздин санаадан, күйүттɵн улам дүйнɵдɵн эрте ɵтүп кетишине экс-ажонун сизге кылган «жылуу мамилеси» себепкер болгонун ɵзүңүз айттыңыз эле? «Душманыңыз» менен диалог кандай уланды?

–Дээрлик 3-3,5 саатка созулган диалог кандай уланышы мүмкүн? Мага ушундай кенен убакытта сүйлɵшүүгɵ мүмкүнчүлүк түзүп берген Кудайга миң мертебе ыраазымын. Сурай турган, бере турган суроолорумду берип алдым. Анын оюн уктум. Эң негизгиси мени, ата-энемди жана менин жакындарымды кантип кыйнаганын кɵзүнɵ тике карап айттым. Президенттик мɵɵнɵтүндɵ кайсы «желдети» кандай байлык топтогонун, кайсы кеңешчиси кантип байыганын, кимдерди кордогонун ɵзүнɵ айтып бердим.

–Эмне деди?

–Эмне десин, башын ийкеп баарын укту. Айрымдарын туура десе, кээ бирлерин андай эмес деп ɵз оюн айтты. Эми айтыла турганы бар, айтылбай турганы да бар дегендей. Баарын угам десең айтып берейин, гезит бетине батабы?

–Нариман байке, кызыктуу маекке орун табылат… Соттук иштер боюнча эмнелерди айттыңыз?

–Мен ɵзүмдүн эле соттук ишим эмес, 6 жылдык президенттик доорундагы жалпы эле мыйзамсыз соттук иштер боюнча, соттук реформаларындагы кемчиликтери тууралуу кенен айтып бердим. Ошол эле Ахматбектин (Келдибеков) иши боюнча, Ɵмүрбек Текебаевдин иши боюнча дагы башка соттук иштер боюнча айттым.

–Сиздин соттук иш боюнча билбейм деген жокпу?

–«Мага эмне деген кордукту кɵргɵздүңүз? Ата-энемде эмне ɵчүңүз бар эле, аларды кандай кыйнадыңыз? Атам менен апам «мамлекеттик машинанын» кысымына, басымына чыдабай баардык тараптан катуу жабыркады. Натыйжада бул дүйнɵдɵн эрте ɵтүп кетти. Камалгандан кийин сизге канча жолу кат жаздым? Кечирим сурап эмес, акыйкат каратып бериңиз деген ɵтүнүч менен.

Урматтуу Президент Алмазбек Шаршенович! Менин соттук ишимде мыйзам одоно бузулуп атат, калыс каратып бериңиз, мыйзам алкагында териштирип бериңиз деген катты бир эмес, бир нече жолу жаздым? Ошолордун бирɵɵнɵ дагы жооп бергенге жараган жоксуз. Жооп бермек түгүл, тескерисинче каяктагы Фарид Ниязовдун «подстава» менен даярдап берген катын «Түлеев Атамбаевден кечирим сурады» деп чыгартып элге жарыяладыңыз го…» -десем, болушунча актанды.

–Актануусу негиздүү бекен?

–Мен айттым: «Сизге ɵзүм жазган же бир башка мен үчүн кайрылган каттарды айтпай эле коеюн. Мен камалгандан кийин менин атымды атап, менин ишимди акыйкат карап бер деп Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин ШОСтун алкагында Бишкекке келгенде сизге бир ооз кайрылды беле? Ушуга жооп бериңизчи?» десем, «Ооба, айткан» дейт. «Дүйнɵдɵ экинин бири болуп турган адам телефондон эмес, бетме-бет олтуруп акыйкат карап коюуңузду сурангандан кийин эмнеге маани берип койгонго жараган жоксуз?» – десем: «Мен Путин айткандан кийин тиешелүү органдарга катуу тапшырма берип, акыйкат карагыла деп талап койгом» деди. Анан мен: «Жок, сиз антип тапшырма бербептирсиз, мен айтып Путин кайрылганда: «Владимир Владимирович, биз ички иштерге кийлигишпейбиз деп сүйлɵшпɵдүк беле…» деп так секирген турбайсызбы?» десем. «Жок мен тиешелүү органдарга тапшырма бергем. Мен алардын жаман оюн билбей калдым, мага жеткирбей, мага билгизбей «жайлай» беришиптир. Кɵрсɵ сенден акча алгылары келиптир, мен аны кийин билдим. Президент болгондон кийин деле кɵп нерсени ɵз кɵзүң менен кɵрɵ албай, айтылган сɵздɵргɵ ишенет экенсиң. Аппарат дагы мага айта тургандарды айтпай, айтпай тургандарды айта бериптир» деп ɵзүнɵ чаң жугузгусу келген жок. Чын айттыбы, калп айттыбы бир Кудай билбесе, мага ушинтип жооп берди. Бирок, Владимир Путин ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге менин ишим боюнча айтканда, так сикирип чочуганын мага айтышкан, «Атамбаевге эмне кылдың эле? Сенин атыңды укканда секирип ушинтиптир» деп. Эң негизгиси Атамбаев менин камалышым боюнча негизги кызыкдар болгон 3-4 адамдын атын атады…

–Сиздин мамлекетке алынган мүлктɵрүңүз боюнча кандай пикир айтты?

–Мүлктɵр боюнча кенен айтып берсем башын ийкеп укту. Мыйзамсыз жол менен менин мүлктɵрүм мамлекетке алынганын кандайдыр бир критерийлердин негизинде моюнуна алды. Бул деген мен үчүн чоң жеңиш. Мен айттым: «Калыстык үчүн, адамгерчилик үчүн ушул мүлктɵр боюнча негизги күбɵ, ошол кездеги президент катары тиешелүү органдарга, тактап айтканда УКМК болобу, Башкы прокуратура болобу келип кɵрсɵтмɵ (показания) бергенге духуңуз жетеби? Келип бере аласызбы?» – десем. «Келип берем» деп жигитче сɵзүн берди. Кудай буюрса, Бишкекке барганда бул боюнча жасап жаткан аракеттеримди улантып, мүлктɵрүмдү ɵзүмɵ кайтарып алуу боюнча тиешелүү органдарга кайрылам.

–Кезинде резонанс жараткан Азиз Батукаевдин «кызыл килем» менен чыгып кетиши боюнча сɵз кыла алдыңызбы?

–Сɵз болду. Сɵз арасында: «Азиз Батукаевдин ɵлкɵдɵн чыгып кетиши боюнча эл арасында ар кандай сɵздɵр бар. Бирɵɵ Рамзан Кадыров чалып чыгарыптыр, десе бирɵɵ Путин кийлигишиптир дейт. Дагы бирɵɵ чоң акча алып чыгарыптыр дегенди айтат. Алсаңар канчадан алдыңар? Кайсы версия чын? Бул боюнча билгениңизди айтып бериңизчи?» деп сурадым. «Кудай урсун, эч нерсе алган жокмун!» деп карганды. Бул боюнча УКМКнын бир кездеги жетекчиси Шамил Атакановдун ысымын атады. «Батукаевди качырган ушулар, мен билбей калбадымбы. Атакановдун баласы самолет айдатып келгенин кийин билбедимби. Батукаевдин чыгып кетишине Аида Салянова менен Шамил Атакановдун «салымы» чоң» деп баса белгиледи. Мына сага «бомба». Атамбаевдин ушул сɵзүнүн негизинде Салянова менен Атакановду камаса болот…

(Уландысы кийинки санда)

Амантур Мусагул уулу

Редакциядан: «Де-факто» гезитинин кийинки санында «селфи» кылуу максаты, Түлеевдин камалышына кимдер кызыкдар болгону, ошондой эле ТЭЦ маселеси менен камалгандар тууралуу Атамбаевдин эмне дегенин окуй аласыздар…

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.