Ички иштер министрлиги (ИИМ) президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы “көмүскө касса” жөнүндө маалыматты текшерүүсүн аяктады. Бул ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскертсек, 2018-жылдын 27-ноябрында адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасында Сооронбай Жээнбековдун штабынын чыгымдары боюнча тизмесин жарыялаган.

“Текшерүү учурунда президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, облустук, райондук жана шаардык штаб башчыларынын жетекчилери, кызматкерлери суракка алынды”, – деп билдирүүдө белгиленген.

Андана сырткары, штабдын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы Кыргызстанга кайрадан кайтып келгенден кийин ИИМдин Тергөө кызматына чакырылат. Сатыгул кызынын көрсөтмөлөрүнөн кийин жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.