Бүгүн, 22-ноябрда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Коопсуздук комитетине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун орусиялык жарандыгын текшерүүнү сунуш кылды.

“Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет элдик жаран жетекчилик кызматтарда иштей албайт. Ошондуктан, мен УКМКнын төрагасынан Сарыбашов кандай негизде Ош облусунун губернатору болуп, Ош шаарынын мэринин кызматын ээлеп отурганын текшерүүнү өтүнөм”, – деди депутат.

Социалдык тармактарда Сарыбашовдун паспорту жөнүндө таратылган маалыматты Орусиялык салык кызматынын жана ИИМге караштуу миграция боюнча башкармалыгынын расмий сайттарында текшерсе болот. Эң башкысы, сайттарда талап кылганда жарандын паспортунун номурун туура киргизиш керек.

Эгерде, УКМК тарабынан маалымат тастыкталса, КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктуна жараша Сарыбашов мэрлик кызматын ээлегенге укугу жок болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.