КСДПнын депутаты Ирина Карамушкинаны 2012-жылы болгон жол кырсыгы боюнча жоопко тартуу сунушталды. Бул демилгени 31-октябрда юрист Канат Джайлоев, жана кырсыктан көз жумган Асангазы Кутманалиевдин жесири Нуриса Абыканова сунуштады.

Эскерстек, Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасев мас абалында Асангазы Кутманалиевди сүзүп кетип, жеринен качкан. Бир жыл төрт айдан кийин айдоочу соттун чечими менен күнөлүү деп аныкталган. Бирок мөөнөт өтүп кеткендиктен, сот залынан бошотулган.

Абыканованын айтымында, депутаттын айдоочусу жумуштан кийин кызматтык унаа менен жүргөндүгүнө карабай, Карамушкина жоопкерчиликтен качып кетти. 2013-жылы маркумдун жубайы прокуратурага арыз жазган. Бирок ал тараптан кылмыш иш козголгон эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.