Каракол шаарынын мэри болуп мэрдин орун басаары Адыл Каниметов шайланды. Добуш берүүгө 31 депутаттын 29 катышып, жашыруун добуш беришти.

Ал эми шайлоонун жүрүшү ачык эшик түрдө өтүп, ММК өкүлдөрү, жалпы актив катышты. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясына белгилүү болгондой калаа башчылыкка эки талапкер тиешелүү документтерин тапшырган. Анын бири жергиликтүү кеңештин төрагасы “Табылга фракциясынын лидери” Эрлан Айсаракунов, экинчиси мэрдин орун басаары Адыл Каниметов. А.Каниметов 18добушка ээ болсо, Э. Айсаракунов 11 добуш берилди.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эрмек Чымыровдун айтымында, мэрди тандоо мыйзамдуу, тынч өткөрүлдү.

Бюллетень бузулган учур катталган жок. Ал эми добуш берүү боюнча бардык иш кагаздар үч күндүн ичинде БШКга жиберилет, деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.