Каракол шаарынын мэрлиги 12-октябрда шайланат. Кечээ, 4-октябрда талапкерлердин документтерин кабыл алуу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эрмек Чымыров билдирди.

Анын айтымында бул жолку кала башчылыкка азыркы таптагы вице-мэр Адыл Каниметов жана жергиликтүү кеӊештин төрагасы «Табылга» партиясынын лидери Эрлан Айсаракунов документтерин тапшырышты.

«Мэрликке эки талапкер ат салышууда. Азыркы вице-мэр А.Каниметовду «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «СДПК», «Ѳнүгүү прогресс» фракциялары көргөзсө, төрага Э.Айсаракуновду «Табылга» партиясы сунуштады. Шайлого тиешелүү бардык документтер кабыл алынып бүттү. Бүгүнкү күндө калып калган кандидаттар жок. Эми 12-октябрда коомдук актив, ММК өкүлдөрү жана байкоочулардын катышуусунда жашыруун түрдө шайлоо өтөт» , деди Э.Чымыров.

Эске сала кетсек, Караколдун мурдагы шаар башчысы Данияр Арпачиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.