Кочкор районунун тургундары КР президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Өз кайрылуусунда кочкорлуктар Сапар Исаков саясий оюндун курмандыгы катары камалган деп оюн билдиришти.

“Биздин уулубузду да өз уулуңуздай, өз тууганыңыздай карап, туура чечим чыгарат деген ишенимибиз бар жана сот күнөөлүү же күнөөсүз деп чечим чыгарганча уулубузду бошотуп, энеси, үй-бүлөөсү, эли менен болууну шарт түзүп берүүнү жалпы Кочкор эли өтүнөт”, – деп суранышкан.

Жазылган катта, шайлоо убагында Исаков Жээнбеков үчүн жогорку добуштарды чогултуп бергени эстетилген. Ошондой эле сот чечими чыкканга чейин Исаковду кара-пиардан президент коргойт деген үмүтүн билдиришкен.

Эскертсек, 2018-жылдын 29-майында Бишкек шаарындагы ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Исаков КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыпталган. Премьерди соттун чечими аркылуу 5-июнда камакка алышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.