Бүгүн Москва районунда КСДПнын өкүлдөрү өткөргөн жыйын тууралуу партия расмий жообун таратты.

“Маскарапоздордун айтканына түшүндүрмө бербей эле койсок болмок. Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, тууган энесин да сатып жибергеге даяр адамдар бар. КСДПда деле кызмат жана бийлик үчүн башка партиялардан келгендер бар. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов “Ар-Намыстан” келген, бирок КСДПнын атынан, Атамбаевдин колдоосу менен ЖКнын депутаты, губернатор жана “Кыргызалтындын” башчысынын орун басары болгон. Тилекке каршы, Москва районунда да КСДПнын азыркы, мурдакы мүчөлөрүнүн арасында ушундай адамдардын бир нече “нускасы” бар. Кыязы, аларга бирдемени убада кылышкан окшойт, ошондуктан аны актоого абдан аракеттенишүүдө”, – деп КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева белгиледи.

Жолдубаеванын айтымында, КСДПда учурда жүрүп жаткан тазалануу процесси биринчи жолу байкалып отурган жок. 90-жылдардын этегинде Акаевдик мамлекеттик машина Алмазбек Атамбаевди тебелеп салганга аракет кылган, ошондо да акимдер менен губернаторлор партиядан тобу менен качышкан эле. Бакиевдердин заманында болсо айрым чагымчылдар, алардын ичинде партиянын да мүчөлөрү бар, КСДПны олку-солку кылуу максатында “ашкерелеген” маалымат жыйындарын өткөрүшкөн.

Москва районунда КСДПнын эң аз сандагы аймактык партиялык уюму бар экенин белгилей кетүү керек, Кыргызстанда катарында миңдеген партия мүчөлөрү бар райондор болсо да, бул жерде болгону 80 адамдын партиялык билети бар.

Бүгүн Ак-Суу айылында өткөн чогулуш конференциянын статусуна ээ эмес, анткени КСДПнын Уставынын негизги жана аймактык партиялык уюмдар жөнүндөгү Жобонун талаптары сакталган эмес.

Буга чейин кабарлангандай, райондук конференцияны өткөрүү, эгерде ал же райондук координатордун демилгеси боюнча, же партиянын жогору турган органы тарабынан чакырылганда гана легитимдүү болуп эсептелет. Райондук партиялык конференцияларды даярдоо  КСДПнын катчылыгы менен өз ара аракетте жүргүзүлүүгө тийиш. Мындай иш бир да райондо жүргүзүлгөн эмес. КСДПнын областтык координаторлорунун институту бир нече жыл мурда жоюлуп кеткен, ошондуктан областтык партконференцияларды борбордук органдардын – төраганын жана саясий кеңештин чечими менен гана өткөрүүгө мүмкүн. Уставка ылайык, ар кандай башка иш-чаралар конференция болуп аталбайт жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн чогулушунун гана статусуна ээ болот. КСДПнын эч кандай кезексиз съездин өткөрүү каралбаганы да анык.     

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.