Бүгүн Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кайрадан чакырылган. Бул тууралуу кабарчыларга Кулматов УКМКнын алдында маалымдаган.

Анын айтымында, козголгон иш жана бажыдан кетүүсү саясат менен аралашкан.

Менин Бажы кызматынан кеткеним саясат менен байланыштуу болду. Себеби акыркы төрт айда бажыга канча каражат түшкөнүн өзүңөр деле көрдүңөр да. Бирок мен бүгүнкү күнү эмне болуп жатканын түшүнбөй койдум. Мени кызматтан кет деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум. Албетте өлкө жетекчилиги ким кандай иштеш керектигин айта алат, бирок мага коюлган шарттар жаккан жок, – деди Кубанычбек Кулматов.

Кубанычбек Кулматовдун үйүндө 20-майда тинтүү жүргүзүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.