Кореядага Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан кызматытнан бошотулду. Булу тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Элчинин отставкасын, 24-сентябрда социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын окуясына тийиштүү билдирүүлөрүн жана Коопсуздук кеңешинин текшерүүлөрү деп санасак жаңылбайбыз.

Эскертсек, Кылычбек Султан Каднованын мас абалы боюнча президенттин аппараты тарабынан маалыматты таратпоону суранышканын айткан. Андан сырткары, элчи Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин ишмердигинде көптөгөн катачылыктар бар, алар боюнча президентке кайрыла албай атканын айтып берген.

Коопсуздук кеңеш аныктагандай,  элчинин билдирүүсүндө жана КР ТИМинин жүйөлөрүндө жана ЖМК чагылдырылган КР Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бузуулар фактысы орун алгандыгы ырас жана алар  тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча материалдары менен ырасталат

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.