Теңизбек Абжапаров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кой койгон буйруктаргаа ылайык, салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.  Анын ордуна социалдык фондунун төрагасы дайындалып, салык кызматынын жамаатына тааныштырылды.

Социалдык фондунун төрагасынын ордуна Медер Ирсалиев дайындалды.

Эки кызматкер соцфондто көп жылдар бою иштеген. Абжапаров 2002-жылы соцфондко аудит бөлүмүнүн башчысы болуп келген. Медер Исраилов эмгек жолун 1996-жылы соцфондтун Аламүдүн районунун башкармалыгында баштаган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.