Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Маркум буга чейин окология оорусу менен күрөшүп жүргөнү айтылды.

Султан Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1981-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде баштаган. 1991-1993- жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин редакторунун орун басары болгон. 2013-жылы ЭЛТР телеканалынын жетекчисинин кызматын аткаруучусу болуп дайындалган. 2014-жылдын 24-июлунда Биринчи коомдук телеканалынын генералдык директору болуп шайланган. Маданият министерствосун 2017-жылдын ноябрь айынан баштап жетектеген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.