КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Кыргызстан-Казакстан өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган. Ошону менен бирге өкмөт башчы Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.