Бүгүн, 24-июлда  Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык жыйыны өттү.  Жыйынга КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров,  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканаларынын жетекчилери, аймактык кеңештин өкүлдөрү  жана шаар тургундары катышты. Бул  тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расул Кадыров Сарыбашовду БШК мэрлик кызматка расмий каттаганын билдирип, күбөлүк тапшырды.

Белгилей кетсек, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин  кезексиз олтурумунда мэр шайланган. Жалпысынан 45 депутат толугу менен катышып, Таалайбек Сарыбашов 44 добуш алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.