КР президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султандын билдирүүлөрү боюнча изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирет.

“Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, президент Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөөнү обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды”, – деп билдирүүдө белгиленет.

Эскертсек, 24-сентябрда Кылычбек Султан Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын окуясын президенттин аппараты тарабынан маалыматты таратпоону суранышканын айткан. Андан сырткары, элчи Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин ишмердигинде көптөгөн катачылыктар бар, алар боюнча президентке кайрыла албай атканын айтып берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.