Бишкек шаардык соту Биринчи май районунун сотунун мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтырган чечимин колдоду. Бул тууралуу КСДПын басма сөз кызматы билдирди.

Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, кылмыш иштин тергөөсү аяктады.

«Мен тергөөнүн мөөнөтүн узартууга каршы эмесмин, анткени кылмыш иштин 50 тому менен таанышып чыгыш керек. Бирок тергөө иштери аяктандан кийин Сапар Исаковду камакка калтыруу себеби жок. Ошондуктан мен аны бошотуусуна талап кылгам. Бирок шаардык сот Биринчи май районунун сотунун чечимин алмаштырган жок», – деди жактоочу.

Анын айтымында соттун отуруму жабык экшиктин артында өткөрүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.