Экс-президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда “Апрель ТВ” каналындагы маегинде, адвокат Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын каражаты боюнча жарыялаган документи тууралуу комментрийин берди.

“Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өзүнүн өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз” дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн. Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, айтып жатышат: “биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо өлтүрүп да коёбуз. Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы – биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү, – деп Атамбаев пикирин айтты.

Эскертсек, адвокаттын билдирүүсүндө, штабтын чыгашасы 1,1 млрд сомдон ашкан, бирок расмий түрдө 158 млн сом жөнүндө гана айтылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.