КР президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 23-августта  мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

«Ашхабад» шаарынын эл аралык аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышты.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде КР менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде президент Сооронбай  Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.