Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев Кыргызстандан качып кетти. Бул тууралуу УКМКнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Шадиев 2018-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Исфана шаарына өлүк коюуу зыйнатына барып, андан ары Лейлек районуна карашту Арка айылы (көзөмөлгө алынбаган участоктор) аркылуу Тажикстан Республикасы тарапка чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

2018-жылдын 28-апрелинде кылмыш иши козголгондон кийин, А.Шадиев жергиликтүү саат 18:20да «Худжант-Москва» (Домодедово) багытындагы аба каттамы боюнча, КР дипломатиялык паспортун колдонуп учуп кеткен, ал жактан андан ары АКШ Нью-Йорк шаарына чыгып кеткен.

Депутаттын жакын туугандары ал дарыланууга учуп кеткенин жана бир-эки жумада келээрин айтышкан. Бирок Аскарбек Шадиев азыркыга чейин тергөө органдарынан жашырынып жүргөнүнө байланыштуу издөө жарыяланды.

Эскертсек, 2018-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыкты берүүгө бөлүнгөн 30 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү бюджеттик акча каражатын туура эмес пайдаланган фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкгында Жогорку кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту, 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сыртынан айып тагылды. Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен сыртынан баш коргоо чарасы камака алуу болуп каралды.

Бул кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 28-апрелинде козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.