Улуттук банк төрага Толкунбек Абдыгулов алган 6 млн сомдук ссуданын 4,8 млн сомду кечип койгон. Бул тууралуу банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, банк өзүнүн кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында өз каражатына турак жай ссудасын, керектөө насыяларын берүүгө укуктуу.

Турак жай ссудасын берүү жана андан кутулуу боюнча эрежелер “Улуттук банктын кызматкерлерин турак жай менен камсыздандыруу” жөнүндөгү жобонун негизинде көзөмөлгө алынат.

Ал жобого ылайык, эгер банктын кызматкери кызмат учурунда каза болуп же 1-2-топтогу майыптык алса, же банк системасы менен республиканын экономикасынын өнүгүшүнө салымын кошсо берилген ссуда кечирилет. Ар бир конкреттүү учур Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан өзүнчө каралат.

“Улуттук банктын кызматкерлерин турак жай менен камсыздандыруу” мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, 2015-жылдын июнь айында Толкунбек Абдыгулов 5,5 миллион сом ссуда алган. Улуттук банк Абдыгулов 2017-жылы вице-премьер болуп дайындалганын белгилейт.

“Банк системасы менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн, жетектөөчү саясий кызматка которулганы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн Улуттук банктын башкармалыгынын чечими менен Толкунбек Абдыгулов алган каражаттын калганы — 4 миллион 824 миң сом кечирилди”, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктан белгилешкендей, 2000-жылдан 2018-жылга чейин Улуттук банктын кызматкерлерин үй менен камсыздоо үчүн 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, анын 32 миллиону кечирилген. Бул жалпы сумманын 4 пайызын түзөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.