Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казахстан, Таджикистан, Өзбекстан мамлекеттеринин ички иштер министрлери жолугушту.

Кеңешменин максаты Орто Азия өлкөлөрүндөгү кылмыштуулукту азайтуу, достукту бекемдөө болуп саналат. ИИМ орун басары Курсан Асанов Эл аралык кеңешменин Кыргызстанда биринчи жолу өтүүсү кызматташтыкты бекемдейт:

“Биринчи ирээт өтүп жаткан кеңешмеде министр Кашкар Джунушалиев төрагалык кылды. Анда Казахстан Республикасынын ички иштер министри Калмуханбет Касымов, Тажикистан министри Рахимзода Рамозон Хамро жана Өзбекстан республикасынын ички иштер министри, Пулат Бобожоновдор келип катышты. катышмакчы. Жолугушууда Орто Азия өлкөлөрүнүн кылмыштуулугун азайтуу, биргелешип кызматташуу жана чек арага жакын аймактардын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча маселе талкууланды. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана терроризмге каршы ошонун ичинде Интернет аркылуу жайылтылып жаткан кылмыштуулугуна каршы, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү да талкууланды. Эми бул иш аракет жакшы жыйынтык берет деп ишенебиз”, – деди К.Асанов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.