Эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары Лунара Мамытова кызматынан кетти. Маалыматтык өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлер тастыктады.

“Мамытова министрдин орун басары кызматынан өзү кетти”, – деп өкмөттөн түшүндурүштү.

Эскертсек, Мамытова пенсионерлер чет өлкөлөргө жылдап саякаттаганга мүмкүнчүлүгү бар деп жазган.

“198.5 км2 жерден (Кыргызстан жөнүндө) башка да толтура жер бар. Каткан акчанды чыгар. Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат”, – деп саякат жөнүндө Мамытова өз оюн билдирген

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.