КР жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 9-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2018-2019-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларынын жана кабыл алууну өткөрүүнүн графиктери:

9-14 июлда

Биринчи тур 

9-11 июлда Ажыратылма талондорду чогултуу
11 июлда 14.00до Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
12 июлда 10.00гө чейин Кабыл алуу үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмесин чыгаруу
12-14 июлда Абитуриент жогорку окуу жайга тапшырууга  каалоосун тастыктайт
   
16 – 21 июля Экинчи тур
16-18 июлда Ажыратылма талондорду чогултуу
18 июлда 14.00до Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
19 июлда 10.00гө чейин Кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин чыгаруу
19-21 июлда Абитуриент жогорку окуу жайга тапшырууга  каалоосун тастыктайт
   
23-28 июлда

Үчүнчү тур (КР Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлөт)

23-25 июлда Ажыратылма талондорду чогултуу
25 июлда 14.00до Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
26 июлда 10.00гө чейин Кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин чыгаруу
26-28 июлда Абитуриент жогорку окуу жайга тапшырууга каалоосун тастыктайт
 

 

25 августка чейин Билим берүү жана илим министрлигине толук отчет берүү жана абитуриенттердин тизмесин Билимди баало жана окутуу усулдары борборуна тастыктоого жөнөтүү*

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.