2018-жылдын 26-июлунан тарта КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-июлундагы № 317 токтому күчүнө кирет, ага ылайык, жеке жактар аркылуу ташылып келген унааларга бажы алымдарынын ченинин көлөмү 10 эсе төмөндөтүлөт. Бул тууралуу бажынын басма сөз кызматы билдирет.

Көрсөтүлгөн баалар 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарамдуу. Аны менен бирге электромобилдерге нөлдүк коюм киргизилди.

Бажы алымдарынын көлөмүн  төмөндөтүү жеке жактар аркылуу электр жана гибриддик кыймылдаткычтуу унаа каражаттарын ташууну өбөлгөлөөгө жана эскилик деңгээли жогору автотранспорт каражаттарынын санын кыскартууга багытталган.

Мисал катары кыргызстандыктардын суроо-талабына ээ болгон 5 унааны алып, бажы алымдары төмөндөтүлгөнгө чейинки жана төмөндөтүлгөндөн кийинкисин салыштырабыз:

 

Унаанын маркасы жана чыгарылган жылы 2018-жылдын 26-июлуна чейинки бажыдан өткөрүүнүн суммасы

 

2018-жылдын 26-июлунан кийинки бажыдан өткөрүүнүн суммасы
«Toyota Camry»

2008-ж. чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү – 2,4

2 400 * 4,1 $ = 9 840 $ 2 400 * 0,4 $ = 960 $
«Volkswagen Golf V» 2008-ж. чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү –  1,8 1 800 * 4,1 $ = 7380 $ 1 800 * 0,4 $ = 720 $
«Mercedes-Benz E 320» 2009-ж. чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү – 3,2 3 200 * 6,15 $ = 19 680 $ 3 200 * 0,8 $ = 2560 $
«Toyota Prius» 2010-ж. чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү – 1,5 1 500 * 4,1 $ = 6 150 $ 1 500 * 0,6 $ = 900 $
«Lexus RX 400 H» 2010-ж. чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү – 3,3 3 300 * 6,15 $ = 20 295 $ 3 300 * 0,6 $ = 1980 $

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.