2018-жылдын 10-декабрында Ысык-Көл өнүктүрүү фондун негизделгенине 21 жыл болот. Фондко түшкөн каражат каяка жумшалат? Бул тууралуу төмөнкү инфографикадан көрсөңүз болот.

Фонддун кыскача тарыхы: Кумтөр долбоору Ысык-Көл облусунда жайгашкандыгына байланыштуу, өкмөттүн 1997-жылдын 10-декабрындагы токтомунун негизинде Ысык-Көл облусунун социалдык өнүгүү фонду болуп түзүлүп 2011-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду болуп өзгөртүлгөн. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунун социалдык муктаждыктарын жоюуга Кумтөр ишканасы тарабынан которулган акча каражаттарынан жана спонсордук салымдардан түзүлөт.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулуат.

1997-2018-жылдын аралыгында “Кумтөр Оперейтинг компани” ишканасы тарабынан аталган фондго чегерүүлөр 3 млрд. 701 млн сомдон ашык сумманы түзүп, бүгүнкү күндө облустун социалдык муктаждыктарын аткарып келет.

1997-2008 жылдары фондко 101,8 млн сом которулган. 2009-жылы Кумтөрдүн салымы 148,5 млн сомго жеткен. Кийинки 7 жылдан кийин фондко 443 млн сом которулган.

“Каражаттар райондор менен шаарлардын элинин санына жараша бөлүнөт. Каражаттарынын сарпталышы район шаарлардын байкоочу кеңештери тарабынан бекитилген пландын негизинде, облустук байкоочу кеңешке сунушталып бекитилет”, – деп Элет.media редакциясына түшүндүрүштү.

Фонддун каражатына эмне курулат?

2010-жылы Ысык-Көлдүк 2 миң 700 окуучууга 13 мектеп урулган. 2011-жылы инфраструткураны өнүктүрүү иштерине 170 млн сом каралган. Найтыйжада 3 мектеп, Ананьево айылында 2 спортзал, 1 оорукана, жана маданият үйү пайдаланууга берилген. 2012-жылы 4 мектептин курулушу аяктаган.

Эскертсек, Фондко каралган каражат жылдын айына чейин коротулбай калат. Мисалы Байкоочуу кеңеш 2017-жылы инфраструктуралык долбоорлорго 524 млн сом жумшалат деп такталган. Бирок жылдын аягына чейин план 83,8%га аткарылып, калган 49,3 млн сом 2018 жылга өткөн.

Жалпысынан 2010-2017-жылдары 63 соцебъекттин курулушу толугу аяктап пайдаланууга берилген.

Фонддун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиевдин айтымында, 2018-жылдын аягына чейин 3 мектептин, 3 бала бакчанын жана Төрт-Кул айылын суу менен камсыздоо иштерин бутүрөт.

“”Быйылкы жылга Кумтөр Голд компаниясы облуска карала турган бир пайыз акчадан 457 миилион сом бөлөрүн пландаган. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 350 миллион, 664 миң сом келип түштү. Анын 254 миллион сому иштетилди. Атап айтканда бул акча каражаты социалдык тармактарга, капиталдык оңдоо, курулуш иштерге жумшалды. Алдыда дагы 3 ай убакыт бар, калган акчалар которулса декабрь айына чейин планга киргизилген обьектилер толук кандуу ишке берилет”, — деди Алдаярбек Тойгоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.