Ысык-Көл облусу Кыргызстандын туристтик борбору деп саналат. Статистика боюнча, 2017-жылы мамлекетке июнь-август айларында Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан келген туристтердин саны 4,7 млн кишиге жеткен. Облустун жеке сектору туризмден өз кирешесин табат. Бирок Ысык-Көлдү баккан да башка секторлор жана жайлар бар.

Статистиска боюнча

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча облустун тургундары (жалпы саны 483 миң адам) 2017-жылы 26 млрд сомго айыл чарба продукциясынын өндүргөн, 2018-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 17,2 млрд сомго жеткен. 2018-жылы облуста 39 тонна мал союлуп, 179 тона сүт жана 21 млн жумуртка өндүрүлгөн.

Өтүп бараткан жылдын 9 айында товарлардын айлануусу 11 млрд 152 млн сомго жеткен. Негизги соода алыскы чет өлкөлөр менен болгон. Мисалы, импорт 88 млн 523 миң долларга жеткен, экспорт – 11 млн 189 миң долларды түзгөн.

Бирок облуска киреше алып келген жайлардан биринчи орунда өндүрүш жай турат. 2018-жылдын 9 айында Ысык-Көлдө өндүрүштүн көлөмү 30 млрд сомго жеткен. Анын ичинен металлдар 22,3 млрд сомго өндүрүлгөн.

Элеттин өнүгүүсүнө эмне жетишпейт?

Кыргызстандын башка региондорундай, Ысык-Көлдө инфраструктуранын абалы орчунду маселе.

Ысык-Көл облусунун өнүгүүсү үчүн кайдыгер карабаган башка жашоочулар да бар. Бул боюнча сурамжы жүргүзгөндө активдүү жаран Гүлмира Сатиндиева өз пикирин калтырды. Анын ою боюнча биринчи кезекте ички жана сырткы, жолдорду оӊдоп, эл аралык жолдорду ачып берсе, чет өлкөдөн келген товарлар арзан болмок.

“Кыргызстан, анын ичинен Ысык-Көл облусундагы соода сатык иштери коӊшу өлкөлөр менен байланыштуу деп айтсам болот. Мисалы биз айыл чарба продукцияларын экспорттосок, кайра алардан башка товарларды импорттойбуз. Ошондуктан эл аралык маанидеги жолдор толук кандуу ишке берилсе, товардын баасы арзан жана пайдалуу болмок. Бул жумуштарды аткарууга жергиликтүү бийликтегилер бюджеттен акча жетпейт деп тура бербей, кошумча каржы булактарды тапса болот да”, – деди Гүлмира Сатиндиева.

Көп жылдан бери чет өлкөдө иштеп келген 65-жаштагы Батма Карекеева өзүнүн оюн айтты.

“Мен өзүм жумушум боюнча коӊшу Казакстан, Ѳзбекстан, Тажиктан жана Орусияда көп жүрдүм. Ысык-Көл облусуна келгениме 1 ай болду. Мындан 20 жыл мурда кандай болсо азыр деле ошондой экен. Курулуш жагында эч өзгөрүү жок. Айта турган сунушум, Каракол шаарына чет өлкөлөрдөй архитектуралык чон-чоӊ имараттарды, соода борборлорду куруп коюшса жакшы болмок. Бул биринчиден шаардын көркүн ачып, туристтер көп келип жакшы киреше алып келмек”, – дейт Ысык-Көл облусунун тургуну.

Ысык-Көлдүн өнүгүүсүнө жардам берген ишкана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКу десек жаңылбайбыз. 23 жылдын ичинде компания Ысык-Көлдүн өнүктүрүү фондусуна 62,6 млн АКШ долларын которгон. Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана демөөрчүлүк которуулары 29 млн долларды түзгөн.

“Мына 18 жылдан бери Кумтөр ишканасынан жыл сайын акча каралып келет. Ал учурдан бери акча каражатынын 60%дан ашыгы жалаӊ эле курулуш иштерине жумшалды. Эми мындан ары бүтпөй турган обьектилерди бүткөрүп, кийинки акчаларды киреше алып келүүчү чакан ишканаларга жумшоо керек. Себеби, жумушсуздук да кыскарып, аймакка да киреше түшүп турмак. Мисалы, ошол эле айыл чарба боюнча логистикалык борбор, чийки жана бышкан продукцияны кайра иштептип чыгаруучу кичи цехтерди, ишканаларды ачуу керек”, – деп Сагынбек Бектуров кабарлады.

Чыныгы жардам

“Аймакты өнүктүрүүнүн бир гана жолу элдин социалдык жашоо турмушун жакшыртуу. Анткени, Ысык-Көлдө жашаган жарым миллионго жакын калкттын 100 % теӊ жашкы жашайт деп айтууга болбойт. Менин оюмча ар бир айыл, кыштакта жок дегенде 5-6 үй бүлө материалдык жаткан аз камсыз болгондордун катарына кирет. Азыркы күндө алар бутка туруу үчүн мамлекеттик жана коммерциялык банктардан күрөөсүз насыя ала алышпайт. Мен оюмача Ысык-Көлдүн жашоочуларна Кумтөр ишканасынан 5 жылга арзан пайызда насыя берилсе, жашоочулар мал курап, жер иштетип кете алышмак. Бул аймактын өнүгүү жолуна чоӊ таасир калтырат”, – деп Алишер Бектурганов оюн айтты.

Эскерстек, 2006-жылдан баштап Ысык-Көл облусунда Кумтөр каржылаган кичи насыя компаниялар иштейт. Алар бизнес ачуу жана айыл чарбачылыкты колдоо үчүн жеңилдетилген 10%дык насыяларды берет. Компаниялардын негизги максаты киреше табуу эмес, жумушсуздук менен күрөшүү. Азыркы убакытта региондо 5 миң адам жумуш менен камсыздалган. 2006-жылдан бери Тоң, Жети-Өгуз жана Балыкчыдагы насыя мекемелерине Кумтөр тарабынан 910 миң доллар жумшалган.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКун долбоорлору көптөгөн чөйрөгө таасирин берген. Азыр, региондо жаштарды, айыл чарбачылыкты колдоо, экологиялык маселелер боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Калктын мындай сунуш пикирлерин облустун ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев да кызматка жаӊы дайындалып келгенден бери кабардар болууда. Ал жогорудагы сунуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин күчү жетпей турганын да эскертип келет. Эми алдыда жетекчилер менен бир команда болуп, кошумча каржы булактарын таап келүүнү көздөп жаткандыгын айтат.

“Азыр биз аткара турган чоӊ-чоӊ иштер үчүн көп каражат керектелет. Албетте ага жергиликтүү бюджеттин күчү жетпейт. Ошондуктан чет элдик уюмдар менен иштетишип, гранддарды алып келишибиз керек. Андан сырткары өзүбүздүн «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу бар аны да пайдалансак болот. Эӊ негизгиси жумушум жок деп тура берсе ул жеӊил бойдон кала берет. Ошондуктан аймактын өнүгүүсүн, элдин жашоо турмушун жакшыртуу үчүн ар тараптуу жолун издешибиз керек”, – деп Акылбек Осмоналиев жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.