Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын ресторанында ЮНИСЕФтин 43 волентеру тамака ууланды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымат боюнча, 24-августта түңкү саат үчтө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 42 адам кайрылган. Эки волонтер ооруканага жатты.

Учурда бардык уулангандардын абалы канааттандырарлык. Уулануунун себептери аныкталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча, уулануунун себеби “Ак-Кеменин” сыртынан алып келинген азык-түлүк болушу мүмкүн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.