Каракол шаарынын Пристань Пржевальский айылына аутизм менен ооруган балдардын борбору ачылат. Ден соолукту чыңдоочу борборго 1-бала бакчадан 2 чоң бөлмө даярдалган. Бул тууралу Каракол шаарынын вице-мэри Гулназ Орозова билдирди.

Анын айтымында шаар ичинде 30дан ашык бала аутизм менен жабыркагандыгы каттоодо турат. Эми алар жаңы ачылган борборго барып күн алыс барып турушат.

“Бул учурга чейин Караколдо жашаган ата энелер аутизм менен ооруган балдарын Бишкек шаарына алып барып дарылатып келишчү. Эми кеткен чыгымдарды үнөмдөө максатында Пристань кыштагындагы 1-бала бакчадан эки бөлмөнү алып “Аутизм” борборун ачып жатабыз. Күнүнө 3-4төн бала кабыл алынат. Ошондо 30дан ашык бала күн алыс ден соолуктарын чыңдап кете алышат. Азырынча тажрыйбалук эки кызматкер бекиди. Ата-энелер бул даарыгерлердин эмгек акысын төлөп беришет”, – деди. Г.Орозова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.