Кыргызстанда жыл сайын наристелердин 2,7 миң өлүмүн жана 1,4 миң өлүү төрөлүү катталат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин басма соз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда наристелердин өлүмү төмөндөдү. Эгерде 2008-жылы 30 миң наристеге 1 өлүм катталса, 2017-жылы бул сан 19,3 миңге чейин төмөндөгөн.

2021-жылдын 31-мартына чейин, Саламаттык сактоо министрлиги, БУУнун Балдар фонудунун жардамы менен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарындагы 25 ооруканаларга төрөт жана балдар бөлүмдөрүнө жаңы жабдууларды сатып алат.

Бул долбоор Жапондун өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылып, $3,5 млн сарпталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.