Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы “Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу” долбоору ратификацияланды. Буга тийиштүү мыйзамга КР президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоору КР социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 3,7 млн АКШ доллары суммасында каржыланат жана төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган:

  • 1,2 млн доллары суммасында «Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдуу, ошондой Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдуу»;
  • 960 миң АКШ доллары суммасында «Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу»;
  • 1,4 миң АКШ доллары суммасында «Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу».

Мындан тышкары гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң АКШ доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.