Ысык-Көлгө «Кумтөр» кен ишканасынан бөлүнгөн акчадан (дүң кирешеден 1%) облустук бириккен ооруканага гемодиализ аппараты алынып берилет. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 5 миллион сом каралган. Бул тууралу облустук бириккен оорукананын директору Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында мурдагы гемодиализ аппараттары эскилиги жетип, бат-баттан бузула баштаган. Бөйрөгүнөн жабыр тарткан бейтаптарга шарт түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында өнүктүрүү фондко кайрылуу жасалган.

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна кайрылганда май айында эле 5 миллион сом бөлүп берери бышыкталган. Ал арадан бери 2 жолу тендер өтүп, айрым себептер менен кармалып келди. 8-октябрда кайрадан тендер өтүп, бул акча каражатка 4 жаӊы гемодиализ аппараты алынары бышыкталды. Эми утуп алган компания жыл аягына чейин алып келишет. Эгер орнотулса, кеминде 15 жылга жетет», деди Т.Маанаев.

Маалымдай кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча бөйрөк оорусу менен жабыркап, жума сайын канын тазалатып туган 31 бейтап бар. Бүгүнкү күндө 8 аппарат иштеп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.