Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 65 миӊге жакын короодогу иттер паспорт алышкан. Быйылкы жылдын аягына чейин кайрадан каттоодон өтмөй болду. Бул тууралуу облустагы ветеринардык фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында адамга жуга турган оорулардын алдын алуу үчүн аймактагы иттер кайрадан каттоого алынат. Тизмеге бекитилген үй айбанаттарынын моюнуна каргы тагылат. Бул мезгил сайын эмдөөгө жардамын тийгизет.

“Ѳзүнөр билгендей бир ит жылына кемине 10-15тен төлдөйт. Бул жакта көйгөй бар. Бардык жарандар иттерин каттата беришпейт. Ошол себептен жолбун иттер көбөйүп кетүү коркунучу бар. Айлана чөйрөнү булгобоо үчүн 3 миӊге чукул ит атылды. А бирок, жолбун ит болбосо дагы адамга зыян алып келе турган короодогу каралбай жаткан айбанаттар да бар. Жакынкы арада жаӊы долбоор кирип жатат. анын алкагында кайрадан каттоо жүргузүлуп, бул жолу каргы тагылат. Анда көк, жашыл сары сыяктуу бир нече түстөр болот. Ар бир кварталда эмдөө иштери өткөн соӊ каргы четинен алынып турат. Бул ыкма аркылуу кайсы иттер көзөмөлдөн өтүп жатканын оӊой билүүгө болот”, – деди Шарапов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.