Ысык-Көлдө көкүрөк жана рак ооруларынын алдын алуу боюнча 3 күндүк акция өтүп жатат. Ага Онкология институтунан мамолог дарыгерлер келип, жергиликтүү тургундарды текшерүүдөн бекер өткөрүүдө.

Акциянын жүрүшү, 15- 17-октябрга чейин облустук бириккен оорукананын атайын бөлүмүндө уланат. Бул боюнча облустук бириккен оорукананын жетекчисинин орун басары Тамара Темирбаева биринчи жолу өтүп жаткан мындай иш аракет кыз келиндер үчүн өтө маанилүү деп белгиледи.

«Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы менен рак оорусу боюнча 2-орунда турган бул көкүрөк көӊдөйү деп табылган. Анын бир себеби, көпчулүк аялдар өз учурунда ооруканага барып текшерилип турушпайт. Биздин облустук бириккен ооруканада шишик оорулуулар бөлүму бар болгону менен маммолог бөлүмү жок. Ошол себептен Бишкек шаарынан келген врачтардын бекер көзөмөл жүргүзүүсү оорулардын алдын алууга шарт түзүп жатат», деди Т.Темирбаева.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата аймак боюнча көкүрөк көӊдөйүн текшерүүдөн өткөргөн кыз келиндердин саны 200гө чамалады

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.