Ысык-Көл облусунун 3 району Германия мамлекетине 25 тонна мышык тамырын (валериянка) экспорттойт. Бул боюнча “Галенфарм” компаниясынын көл аймагындагы менеджери Кубан Узакбаев кабарлады.

Анын айтымында, быйыл мышык тамыры 200 гетар жерге айдалып учурда 15 тоннага жакын кампага келип түшкөн. Калган 10 тонна дыйкандар казып алып өткөрсө, Германияга жөнөтүлөт.

“Ысык-Көлдүк дыйкандар акыркы 5 жылдан бери мышык тамырын өстүрүүгө өтүп жатышат. Быйылкы баалар 2 сомго кымбаттады. Валерянканын бир килосу кургатылганы 235 сом, жаңы казылганы 57 сомдон алабыз. Жыл сайын жазында немецтер менен келишим түзөбүз. Келээрки жылы 30 тонна экспорттойлу деген планыбыз бар. Эгер мышык тамырдын көчөтүн отургузуп өз учурунда караса 1 даанасынан 1,5 килого жакын тамыр алса болот”, – деди Узакбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.