Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын төрөт бөлүмүндө операция болгондордун саны көбөйдү. Аларга наркоз бере турган дарыгерлер жетишпейт. Бул тууралу аталган бөлүмдүн анестезиолог дарыгери Алмакун Досмомбетов билдирди.

Анын айтымында төрөт бөлүмүнө 2 штаттык анестезиолог керек болсо, учурда жалгыз гана иш алып барат. Убакыт өткөн сайын кесарево жолу менен көз жаргандардын саны көбөйүп, гинекологиялык оорулар менен операция болгондор да төмөн эмес.

«Ысык-Көлдө жылына гинекологиялык жактан жалпы 1200гө жакын аял наркоз алат. Анын ичинен 700гө чукул эне операция жолу менен көз жарат. Быйылкы 6 айдын ичинде 600 аял кесарево болду, быйыл өзгөчө көп болгондуктан жыл аягына чейин 800гө жетүүсү мүмкүн. Азыркы тапта облустук бириккен оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлер жетишпейт. Көп жылдан бери бул жакта жалгыз анестезиологмун. Азыр пенсия курагына келсем да кызматты таштап кете албайм. Анткени жаш кадрлар жетишпейт. Болгону дежурствого үй бүлөлүк дарыгерлер борборундагы бир хурург анестезиолог келип берет», – деди Досмомбетов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.