Ысык-Көлдө вирустук сарык илдетинин «А» түрү менен 87 адам ооруганы катталды. Алардын 72 % 14 жашка чейинки жаш балдар болуп саналат. Бүгүнкү күндө өздүк гигиеналарды сактоо боюнча бала бакчаларга, мектептерге жана ата-энелерге түшүндүрмө берилип жаткандыгын облустук санитардык көзөмөл борборунун ооруларды алдын алуу бөлүм башчысы Лилия Бектурова билдирди.

«Негизи вирустук сарык илдети 3-5-жылда көтөрүлүп, кайра төмөндөп турат. Быйыл 9 айда өткөн жылга салыштырмалуу 2-3 эсеге өскөндүгү байкалды. Албетте, ага жол берген ата-энелердин күнөөсү. Мисалы эне колун жуубай туруп бала эмизет, мөмө жемиштерди балдарына жууп тазалап беришпейт, жеткинчектер сырттан келгенде колун самын менен таза жуудурганга үйрөтүшпөйт. Ошондой эле бул илдет көчөдө сатылган тамак ашты пайдалануудан да келип чыгууда. Жалпылап айтканда өздүк гигиена сакталбай жатат. Биз болсо мамлекеттик жана жеке менчик ала бакчаларды, мектептерди пландык негизде текшерүүнү өз учурунда өткөрүп турабыз», – деди Бектурова.

Маалымдай кетсек, сарык илдетинин «А» түрү менен мындан 5 жыл мурда миӊге жакын адам чалдыгып, аймакта карантин жарыяланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.