Ысык-Көлдө ВИЧтин алдын алуу иштеринин натыйжасында илдет эркетер арасында көп табылып жаткандыгы байкалууда. Бул тууралуу СПИДке каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Шаршекан Огоева билдирди.

Анын айтымында, 16 жыл аралыгында аймакта жалпы 251 адамдан адамдын иммундук вирусу табылып, анын 63%зы эркектер экендиги тастыкталды. Мунун себеби миграция маселесинен келип чыгууда.

«Бүгүнкү күндө ВИЧ илдети менен ооруган 251 жарандын ичинен 158 эркек жабыркайт. Алар вирусту чет жерден жыныстык жол менен, жана кан аркылуу (маӊзат) жуктуруп келишкен. Жыйынтыгында жаш курактагы кыз келиндерибиз жапа чегип жатат. Андан 5 наристеге энесинин кош бойлуу кезинде өтүп, 1 чарчап калды. Азыркы тапта дүйнөлүк ВИЧ илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өткөзүп, бекер акцияларды уюштуруп жатабыз. Быйылкы жылдын 11 айында илдет 37 адамдан табылды», деди Огоева.

Маалымдай кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча адамдын иммундук вирусуна кабылгандардын 90%зы жаш курактагы жана орто муундагы адамдар. Бүгүнкү күндө алардын 98 диспансердик көзөмөлдө, 90 адам вуруска каршы дары-дармектерди алышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.