Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Темирканат айылына жаңы ФАП ишке берилди. Ага Кумтөр кен ишканасы 2 контейнер бөлүп берген. Ал эми ички жасалгасына жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом жумшалып, жаӊы инвентарлар камсыздалды.

Эми 4 бөлмөлүү фельдшердик акушердик пункт 1 миң 712 адамга сапаттуу тейлөө көрсөтөт. Анткени санитардык нормаларга туура келип, жылуулук, ысык суу муздак суу да кигизилди. Бул боюнча облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев бир топ акча каражаты үнөмдөлгөнүн кабарлады.

«Төрт-Күл айыл өкмөтү жаш болсо да, мамлекеттен акча күтпөй демөөрчүлөрдү таап айылга салым кошуп жаткандыгын байкап жатабыз. Анткени мурдагы ФАП авариялык абалда турган маданият үйүнүн бир бөлүгүндө жайгашып, калкка ыӊгайсыз абал жаратып келген. Эми болсо Кумтөрдүн жардамы менен жергиликтүү бюджеттен бираз акча карап заманбап имаратты реконструкцияга беришти», – деди Осмоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.