2018-жылдын 12-июнунда Иштамбердидеги кенде жергиликтүү тургундар митинг өткөрүштү. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Бекжан Станбеков тартылган тасманы жарыялады.

Чаткалдыктар Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы мыйзамсыз иштеп жатканын белгилешет. Митингге чыккан 300 адам цианидди колдонбоо, калдыктарды көчүрүп, компенсалияны төлөө талап кылып жатышат.

Азырынча, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ИИМдин орун басары Курсан Асанов Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.