Баш калааны каптаган кара түтүндү озгөчө кырдаалга теңдеш керек. Бул тууралуу “Бишкектеги экологиялык абалы” тегерек столунда “МувГрин” коомдук уюмунун жетекчиси Мария Колесникова билдирди.

“Бул маселени моюнга алып, кара түтүн – өзгөчө кырдаал деген “Жарандарды коргоо” мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу элди билдирүү механизмин иштеп чыгышыбыз керек. Мисалы, башка шаарларда, окшош учурларда шаардын борборуна жеке унаалардын кирүүсүнө тыйуу салынат, коомдук унаага түшүү акысыз, супермаркеттерде атайын маскалар бекер берилет, аба ырайы боюнча ар дайым маалыматтар болот”, – деди Колесникова.

Эксперттин айтымында, мамлекеттик органдар абалды өз моюнуна алып, шаарды бул кырдаалдан чыгаруу чараларды караш керек.

“Чиновниктер маселени комплекстүү түрдө чечиш керек дейт. Бирок бул сөздөрдү биз 2018-жылдын мартында да, июнда да укканбыз. Абал күндөн күнгө бузулуп келе жатат. Мамлекеттик органдар каалаганча отчет беришет, бирок аларда эч бир изилдөө өткөрүлгөн эмес, айыптардан казнага канча каражат түшөт, абалды оңдогонго кантип жардам берет эч ким билбейт. Гелиоколлекторлор орнотулган, бирок алардын эффективдүүлүгү боюнча эч ким мониторинг жүргүзгөн эмес” – деди эколог.

Чиновниктерге караганда, активисттер маселени копмлекстүү чечүүнү көргөн жок. Алар Венгриядан транспорт боюнча атайын адисти чакырышкан. Ал изилдөөсүнүн жыйынтыгында мэрияга конкреттүү талаптарды койгон: коомдук транспорт үчүн жолдогу атайын болүмдөрдү уюштуруп, унаалардын кыймылын иретке салуу керек.

“Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргызкидрометтин маалыматтарын изилдедик. Бул абалга жеткен үчүн ким күнөөлүү экенин мыйзамдардан караштырганбыз. Жоопкерчиликти эч ким алгысы келген жок. Мамлекеттик органдардын кыймылсыздыгы бизди ушундай кырдаалга алып келди. Эгерде, 2017-жылы максималдык көрсөткүчтөрү 7 январда катталса, 2018-жылы октябрда көрсөтүлдү”, – деп Колесникова белгиледи.

Бишкекте 400 миң унаа катталган, бирок бул сан 700 миңге чейин барат деген сөздөр бар. Күндө баш калаага 90 миң унаа кирип чыгат. Мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубан Жунусовдун айтымында, Бишкекте эки эле компаниянын КЖМы «Евро-5» классынын талабына жооп берет.

“2020-жылдан баштап биз май куйуучу жайлардын баарында бензиндин сапаты «Евро-4» менен «Евро-5» жооп берсин деген талап коюп, АИ-80 маркасындагы бензинди сатууга тыюу салынат. Метан менен жургөн автобустарды сатып алуу боюнча пландаштырып жатабыз. Баш калаадагы троллейбустук линиялар 150 троллейбуска эсептелген. Донорлордун жардамы менен биз гибриддүү кыймылдаткыч менен иштеген троллейбустарды алсак, алар жаңы конуштарга киргенге мүмкүнчүлүгү пайда болот”, – деп мэриянын пландары боюнча Жунусов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт мэрияга 2019-жылдын 1-июнуна чейин Чүй саябаны – Боконбаев көчөсү – Ибраимов көчөсү – Жаш Гвардия бульварын курчаган төрт чарчыны маршруткалардан бошотуу тапшырмасын берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.