2018-жылдын 12-июнунда Баткен облусунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча Керме-Тоо айылында 45 турак үйдүн огороддорун, 30 курулуш чарбаларын, 300 метр ички чарбалык унаа жолду, 500 метр ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган жана 1,5 чакырым дамбаны сел суулары бузган.

Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комссиясы Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.