3-6 сентябрында Кырчын жайлоосунда жайгашкан шаарча жабылды. Азыркы убакытта 1 миң тигилген боз үйдүн 80% жыйналып, жайлоодо 400 адам тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ДКОнын секретариаты маалымдады.

Маданият, маалымат жана туризм боюнча министрдин орун басары Азамат Жаманкуловдун айтымында, тазалык менен тартипти сактоо негизги максат. Ошондуктан, ар бир иш чарадан кийин таштандыландын баары жайлоодон чыгарылат.

«Кырчын этношаарчысындагы иш чаралар бүткөндөн кийин биз генералдык тазалоо өткөрүп, таштандыларды жайлоондон чыгарабыз», – деп чиновник убадалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.