Акыркы учурда Бишкектин экологиялык абалы соцтармактарда катуу талкууга алынды. Маселени чечүү багытында “Пикир” регионалдык эксперттер клубу “Бишкектин экологиялык абалы: себеби, чечүү жолдору” тегерек столуна эксперттерди чакырат.

Эксперттердин отуруму баш калаадагы “Плаза” мейманканасында 21-ноябряда өтөт.

«Акыркы жылдары Бишкектин тургундары шаардагы экология начарлап жатканын көрүп жатышат. Эң кызыктуусу -Бишкекте экологияга таасир берген ири ишканалар жок, мунун себеби унаанын көптүгү, сапатсыз КЖМ жана үйлөрдү жылытуу үчүн жагылган отун болду» – деди “Пикир” клубунун төрагасы Игорь Шестаков.

Эксперттин айтымында, экологиялык коопсуздук мамлекттик коопсуздуктун бөлүмү жана Кыргыщстандын туруктуу өнүгүүсүнүн милдеттүү шарты.

«Кеп биз күндө эмне менен дем алабыз. Калктын ден соолугу – мамлекеттин коопсуздугун маанилүү бөлүмү. Экологиялык абал жарандардын ден соолугуна, демографиясына таасирин берет. Баш калаада мамлекеттин 25% жашагандыктан, бул суроо аябай актуалдуу деп эспетесек болот», – деп Игорь Шестаков белгиледи.

Эскерстек, мэриянын колдоосу менен уюштурулган тегерек столго Саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМнин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышат. Эксперт-экологдор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү экологияны туруктуу абалына келтирүү боюнча демилегелерин сунуштайт.

«Бишкектин экология маселесин оперативдүү түрдөө чечүүгө өлкөдө каражат бар. Ошондуктан иш чараларды өткөрүү зарыл», – деп  Шестаков жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.