Жакында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров “Дашмандын” корук статусун жоюну сунуштады. Депутаттын демилгеси колдоо тапса, Жалал-Абаддагы жаңгакты сактоо боюнча коругу жөнөкөй паркка айланып калат.

Жаратылыштын ордуна толук чөнтөк

Экономика тарабынан карасак, мындай жагдай жергиликтүү элге жардам берет, бирок анда жаңгактар жерге да түшпөй калат.

“Карапайым эл жумушсуз отурат, Арсланбобтун токойлору алардын ишмердигине жардам берген. Бирок корук статусу менен биз элге жаңгак чогултууга тыюу салдык. Ошондуктутан эл менен лесничийлердин ортосунан чыр чыгат. Өкмөт жергиликтүү калкка компенсация төлөсүн”, – деп депутат “камкордугун” көрсөттү.

Бирок экология тарабынан карасак, Дашманды корук статусунан ажыратуу катастрофага алып келет. Жаңгакты чогулткан эл, коруктуга токойду талкалап салат, ансыз деле экологдор Дашманды “элес-корук” деп аташат.

Адамдын “камкордугунун” азабын тарткан жалгыз эле Арсланбобдун токою эмес. Бул маселе Кыргызстандын коруктарынын жалпы тагдыры.

“Кыргызстанда Энильчек менен Сарычат-Эрташ коруктарына жетүү татаал. Ошондуктан алар адамдын ишмердүүлүгүнөн жаман таасирди аз алды”, – деп фотограф, экологиялык активист Влад Ушаков айтып берди.

Энильчек

Активисттин айтымында, Ысык-Көлдүн коруктарынын биринчи маселеси – облустун туристтик борборлору.

“Боз үй тигишет, сайрандоо борборлорду, кафеледи курушат. Ишкерлер тамак жазап жатканда “баштарын оорутпайт”, жакын жерге барып бактарды кыйышат. Жерди мамлекетке кайтарып бергенде чиновниктер абалын карабай эле кабыл алышат”, – деп Ушаков кошумчалады.

Көлдөн башка, Ош, Баткен жана Нарын облустарынын коруктары жоголуп кетүүнүн астында. Спутниктен тартылган сүрөттөргө жараша, Кыргызстандагы токойлор 150 жылдан кийин картадан жоголуп кетет.

Карата-Жапырык коругуна кирген Соң-Көлдүн маселеси окшощ. Көлдө канаттуулардын 70 түрү бар. Андан сырткары, көлгө тоолу өрдөк менен кара куназ кыштайт. Бирок алардын жанында жергиликтүү эл озүнүн малын оттоого чыгарат.

Сары-Челек

Ошол эле облсутагы Сары-Челек коругун адамдын ишмердигинен жок кылуу коркунучу бар.

“Ал жерде Ферганадан туристтер барат. Корукту UNESCO кайтарат, бирок аны өтмө короо кылып салышты. Сары-Челекке Камаз менен деле келип акча берип кирсе болот”, – деп фотограф ачууланат.

Чаткал (фото Fb Гамал Соронкулов)
А вот что творится на Чаткале: “охраняемые” зоны уничтожают грейдерами. Ради нескольких килограммов золота.

Эң башкысы – экосистема

Эколог Эмиль Шукуров коруктарда экосистеманы сактоо маселесин биринчи орунга коюш керектигин айтат.

“Бизде коруктарга туура эмес мамиле кылышат, ал жерде флора же фаунанын бир түрүн сактоого гана аракет кылышат. Экосистема толук уюшкан тузүмдөн турат. Мисалы, токой 25-30 квадраттык километрди ээлейт. Тоолу экосистема 150-300 километрден ашык болот. Бизде илбирс сакталган Сарычат-Эрташ коругунан башкасы бул талапка жооп бербейт. Токойду кайтарганда, аны толук камсыздаш керек. Чаткалда жарандар унаалары менен кирип, каалаганын жазашат”, – дейт эколог.

Эмиль Шукуров, өткөн жылы парламенттин депутаттары коруктарды жайыттарга берүүнү сунуштаганын эске салды.

“Бул демилге туура эмес. Малды жайытын биз ата-бабаларыбыздай уюштурушубуз керек. Мал чөп толук өскөнгө чейин жеп салат. Коруктарда болсо чөптүү экосистемалар сакталган. Матрицалык негиз бар болгонго чейин, чөп кайрадан жаңыланат”, – дейт биолог.

Негизи, Сарычат-Эрташ коругун бут эле адистер үлгү кылат.

“Корукта илбирс бар, ал жердеги экосистеманын жаны болуп саналат. Ал тамактануу үчүн чоп жей турган айбандар керек. Айбандар жыл бою тамактануу үчүн жайыттарынын көлөмү 100-200 километрден жогору болуш керек”, – деп Шукуров тушүндүрөт.

Эколог менен экоактивист Влад Ушаков макулдугун билдирет.

“Сарычат-Эрташтын жанында Кумтөр кени бар. Кызык, бирок кенде түлкү, карышкыр, аркарды жакындан көрүп сүрөткө тартса болот. Кенде жардыруу иштерине, чоң унааларга карабастан айбандар адамдан коркунучту күтпөйт. Түлкүлөрдү колдон тамак берип көндүрүп коюшкан, бирок азыр ага тыюу салынган. Кумтөрдүн жакшы таасири – браконьерсиз зона пайда болуп калган”, – дейт Ушаков.

архары Кумтор

Абалды коруктун жанында жайгашкан мергенчи чарбалар бузат.

“Сарычат-Эрташ менен салыштырсак, Кумтөрдө тартип катуу. Кенде аркарга 20-50 метрге чейин жакындасак, корукта алар 100 метрге гана жакындатышат. Мергенчи чарбалардын кожоюндары айбандарды атып албай, өздөрү өстүрүп багыш керек”, – деп Шукуров жыйынтыктады.

Эскерстек, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКу кендин тегерегинде дайым иликтөө иштерин өткөрөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, айбандардын саны жыл сайын өсүп турат.

Сөздүн аягы

Биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков:

“Мамлекет коруктарга көбүрөк көңүл буруш керек. Мен Кара-Бура коругунда бир да айбанды көргөн жокмун. Алардын баары мергенчи чарбаларда. Сары-Челек, Беш-Арал коруктарында абал окшош.

Булардын арасынан Сарычат-Эрташ ылайыктуу позицияда. Корукка барыш аябая татаал, андан сырткары анын жанында стратегиялык объекти бар.

снежный барс

Кыргызстандын коруктары чала кайтарылат. Эки жыл мурун Сары-Челекте аюуну атып салышты. Бул абал коопсуздук деңгээлин көрсөтөт. Кызматкерлердин айлыктары 2,5 миң сомдон 5 минге чейин көтөрүлгөн. Бирок жумуш оор, курал берилбейт.

Биз мыйзамдарды кайрадан карашыбыз керек. Браконьерлер кармалса, аларды түз сотко жиберген туура болмок, бирок коррупцияга каршы комиссия макулдугун көрсөткөн жок. Алардын сунушу боюнча, кылмыш иш иликтөөго жиберилет, анын арты менен бир да иш аягына чыккан жок.

Эгерде бул маселени чечишсе, егерлер айлыкты деле карабай калмак. Браконьер кармалып айыпталганда, каражаттын 30%ын егерь алат. Мыйзам кабыл алынганда, ысык-көлдүк егерлер үйдө отурбай калдык, браконьерлерди кармап жатабыз деп айтып жүрушкөн. Кийин эле укук коргоо органдарынын кызматкердери ишке киришип, өздөрүнүн “маянасынын” көлөмүн чоңойтуу боюнча жолун табышкан. Мындай инициатива егерлердин ишмердигин жокко чыгарып салды”.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.