Лейлек району боюнча 16 турак үйгө сел суулары кирип, 120 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 5,7 чакырым ички чарбалык арыктарды, 1 чакырым суу түтүктөрүн, 370 метр дамбаны, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү, 4 даана электр мамычасын сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды сел суусу агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Селдин кесепетинен турак жайлары жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында, 10 орундуу 8 даана чатыр Катраң айылынын Таш-Коргон тилкесине тигилип колдонууга берилип, гуманитардык жардамдар таратылды.

Эскерте кетсек, Лейлек районунун акими, райондук Жарандык коргонуу башчысы аймакка “өзгөчө кырдаал” режим киргизген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.