Жумгалдын Миң-Куш айылында жер көчкү коркунучу бар аймакта турган 23 үй-бүлө коопсуз жайга көчүүгө шарты жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов менен жолугушкан учурда билдиргенин фракциянын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Жумгалдыктардын айтымында, өкмөт үй-бүлөлөрдү көчүрүш үчүн 200 миң сом бөлүнгөн. Бирок бул каражат жаңы там салууга жетишсиз болуп жатканындыгынан компенсацияны 1 миллион сомго чейин жогорулатуусун талап кылышкан.

«Бул маселе боюнча Жыргалбек Турускулов мамлекеттин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолуккан. Натыйжада, Кубатбек Турускулов менен Мухаммедкалый Абылгазиевтин Миң-Кушка бирге барып жергиликтүү тургундар менен жолугуу макулдашылды. Компенсация маселеси жеринде чечилет», — деп фракциянын өкүлдөрү белгилешти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.